Георгий тасмасы (орусча: Гео́ргиевская ле́нта) — падышалык Орусияда кабыл алынган эки түстүү тасма. Ал тасма падышалык Орусиянын тушунда “Ыйык Георгий” орденине, “Георгий чырымына”, Георгий медалына кошо тагылган. Бул тасманы падышалык доордо кемелердеги гвардиялык топтордун деңизчилери (матрос) да кырсыз баш кийимдерине тагынган. 1917-жылдан тартып СССРдин эч бир мамлекеттик сыйлыгында колдонулган эмес. Ал эми “Даңк” орденинде жана “Германияны жеңгендик үчүн” медалында георгий тасмасына окшогон, бирок андан түсү боюнча кыйла айырмаланган “гвардиялык тасманын” үлгүсү орден жана медал илинчү илгичтин ичинде жайгаштырылган.

Георгий тасмасы

Георгий тасмасын германдык нацисттерди колдогон айрым орус аскер топтору экинчи дүйнөлүк согуш маалында байма-бай колдонгон.

Бул георгий тасмасын колдонууга эгемен Беларуста (2014) тыйуу салынган.

Орусияда болсо 2005-жылдан тартып бул тасманы колдонуу өнөктүгү уюштурулуп келет.


Тарыхый таржымакалы түзөтүү

 
Айтылуу «Потёмкин» брондолгон поездиндегилер колдонгон кырсыз баш кийимдин тасмасы. “Броненосец Потёмкин” көркөм фильминен.
 
Ыктыярдуу армия колдонгон сыйлык.

Падышалык Орусияда 1769-жылы георгий тасмасы мындайча сыпатталган: “Жибектен согулган жана үч кара, эки сары тилкелери бар тасма”.

Иш жүзүндө тасмада сары түс эмес, кызгылт-сары түс көьүрөөк колдонула баштаган.

1833-жылы бул тасма тууралуу атайын сүрөттөмө жарыяланган эмес.

1913-жылы бул “георгий тасмасына” мындайча расмий сыпаттама берилген:

“Кара түстөгү үч жана саргылт түстөгү эки тилкеден турган жана оң ийин аркылуу тагылчу тасма”.

Кыргызстандыктардын тасмага карата маанайы түзөтүү

2014-жылы 9-майда “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы Бишкекте Георгий тасмасынан баш тартууга үндөгөн иш-чара өткөрдү.

Бул иш-чара 9-майда Бишкектеги Жеңиш аянтына майрамдык иш-чарага чогулгандардын арасында уюштурулду.

Уюм өкүлдөрү кыргызстандык жарандарга саргылт-кара түстөгү тилкелерден турган тасманын ордуна кыргыз желегине түспөлдөш кызыл тасмаларды таратышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруучулардын бири Аида Алымбаева билдирди.

Бул иш-чара менен кыргызстандык коомчулук өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согушта жеңип чыгууга кыргызстандыктардын кошкон салымын даңазалоо менен катар, георгий тасмасы тарыхта оторчул падышалык Орусиянын баскынчыл аскеринин символу болгонун да белгилешти.


Кыскача адабият тизмеси түзөтүү

  • А. В. Висковатов «Описание предметов обмундирования и вооружения российской армии», 1881 г.;
  • Г. С. Габаев «Краткий очерк развития образца русских знамен и штандартов в XIX веке», Петербург, 1911 г.;
  • В. В. Звегинцов «Знамена и штандарты русской армии», Т.2., Париж, 1969 гг.;
  • Т. Н. Шевяков, О. Н. Пархаев «Знамена и штандарты Российской императорской армии конца XIX — начала XX вв»;
  • А. Полевой. Широкие Георгиевские ленты на знамена и штандарты.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү