Геосаясат
Геосаясат (грек тилинде гео... жана саясат) – чоң масштаб менен алганда, дүйнө мейкинин ээликтөөгө же көзөмөлгө алууга багытталган стратегиялык саясаттардын жалпы теориясы, б. а. Асман менен Жер мейкиндерине үстөмдүк кылуу аракеттери дээрлик мыйзамдаштырылган дүйнөлүк саясат концепияларынын системасы. Геосаясаттын негизги жоболору 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Ф. Ратцель (Германия), А. Мэхэн (АКШ), X. Маккиндер (Англия), Р. Челлен (Швеция) тарабынан иштелип чыккан. Адегенде бул концепцияны ар кандай мамлекеттик түзүлүштөр ортосундагы күрөш катары сүрөттөшкөн. Мамлекеттер да өз ара тынымсыз атаандашуу, б. а. «жашоо үчүн күрөшүү» аркылуу гана Жер бетинен өзүнө жагымдуу, өз тиричилигине ылайык жагдайларда күн көрүшөт деп чечмеленген (Р. Челлен). Ал эми 20-кылымда суурулуп чыккан: герман улуттарынын «жашоо мейкинин» түзүү концепциясы, бүткүл Азияны каратуу менен «гүлдөп-өнүгүүнүн чөйрөсүн куруу» деген япондук доктрина сыяктуу геосаясий идеологиялар практикасы (2-дүйнөлүк согуш) Геосаясаттын «дүйнөлүк баланс» мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруу зарылдыгын актуалдаштырды. Дүйнөдө глобалдык рыноктун түзүлүшү менен континенттик мамлекеттердин интеграцияланышы жөнүндөгү идея өсүп чыкты. СССРдин Чыгыш Европалык өлкөлөр менен блок түзүүсү, андан кийин Кытай менен кызматташуусу америкалыктарды коммунизм таасирин бууп токтотуу саясатын колдонууга түрттү. Жер жүзүндө капиталисттик коммунисттик (батыш чыгыш) сыяктуу эки уюлдуу дүйнө түзүлдү. Андагы өз ара тирешүүлөр: Берлин кризиси (1949), Грекиядагы коммунисттик кыймылдын кыйратылышы (кара полковниктер), Кореядагы, Вьетнамдагы согуштар, Индия-Пакистан жаңжалы, баш-аягы жок Палестина-Израиль согуштук кармаштары, АКШнын Ирактагы кандуу согуш саясаты, Иран менен Түндүк Кореянын ядролук «муш көрсөтүүсү» ушулардын баарын Геосаясаттын мерчемдери катары кароого же түшүндүрүүгө болот. Батыш окумуштууларынын арасында «континентчилдер» жана «океанчылдар» деп аталган эки мектепти белгилей кетүү зарыл. «Континентчилдер» (негиздөөчүсү X. Маккиндер) дүйнөнү Геосаясаттын таасирине тартуунун атайын үч «континети» бар экенин көрсөтөт: «Heartland» («Жер жүрөгү»), «Rimland» («жээктеги жер» же Евразия жээги), «World Island» («Дүйнө аралдары»). «Айталык, кимде ким Чыгыш Европаны башкарса, ал «Жердин жүрөгүнө» ээгедер болот. Демек, кимде ким «Жердин жүрөгүн» башкарса, ал «Дүйнөлүк аралга» баш-көз болот. Кимде ким «Дүйнөлүк аралга» ээ болсо, ал бүткүл дүйнөгө ээлик кылат» деп корутундулаган X. Маккиндер. «Океанчылдар» мектебинин версиясында Альфред Мэхэн дүйнөлүк үстөмдүктүн географиялык ачкычы «Жер жүрөгү» эмес, «Деңиз Күчү» («Sea Power») эсептелет дейт. СССРде ж. б. өлкөлөрдүн марксисттери тарабынан Геосаясат жалган илим катары четке кагылып келген. Геосаясий түшүүмдөргө ар кыл өлкөлөрдүн тышкы саясатынын жалпы багытында (алардын улуттук кызыкчылыгын аныктоодо, шериктерди тандоодо, аскердик бирикмелерди түзүүдө, экономикалык интеграцияларда ж. б.) да, конкреттүү саясий чечимдерди кабыл алууда да маанилүү роль таандык.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4