Геофизикалык чалгындоо методдору
Геофизикалык чалгындоо методдору— кен издөө жана чалгындоо максатында жер кыртышынын түзүлүшүн физ. методдор менен изилдөө ыкмалары.
Алар Жердин гравитация, магнит, электр талааларын, жылуулук, ядролук нурлануусун жана сергилгич толкундун таралуусун изилдөөгө негизделген. Алынган маалыматтар кендин жайгашкан орду, геол. структурасы ж. б. мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн пайдаланылат. Бул методдор бир нече түргө бөлүнот.
Магниттик чалгындоо Жердин табигый магнит талаасын изилдейт. Жердин кайсы чекитинде болбосун, магнит күчүн байкоого мүмкүн. Магниттик күчтүн нормалдуу шарттан кыйшаюусу өзгөчө темир аралашмасы бар тоо тектерде өтө чоң болот. Сейсм чалгындоодо жарылуучу заттар (тротил ж. б.) колдонулуп, серпилгич толкун талаасы изилденет. Серпилгич толкундар тоо тектердин төмөнкү катмарларына жетип, геом. оптиканын закону боюнча кайра жердин үстүн көздөп чагылат. Серпилгич толкундардын жерге таралышы жана кайра чагылышы атайын аспаптардын (сейсм кабыл алгычтын) жардамы м-н аныкталат (Сейсмограф).
Электрлик чалгындоо Жердеги табигый электр тогунун же жасалма жол менен пайда болгон электр тогунун талаасын аныктоонун негизинде жүргүзүлөт. Толкун (радио толкун) методдору өтө ылдам өзгөрүлүүчү электр магнит талааларынын жардамы менен жүргүзүлөт. Толкун методдору тоо тектердин, кен баплыктардын электр магнит толкундарын өткөргүчтүулүгүнө жана ал толкундардын кайра чагылышына негизделген. Радиометрдик метод-радиоактивдүү заттардын таасиринен газдардын иондошуу кубулушун изилдейт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.