Геохимия (гео... жана химия) – жердин химиялык курамы, андагы химиялык элементтердин жана алардын туруктуу изотопторунун таралышы ар түрдүү геосфераларда химиялык элементтердин табигый процесстерде кошулуу, топтолуу же орун которуу закон ченеми жөнүндөгү илим. Геохимия космохимиянын бир бөлүгү. Элементтер жер кыртышында көбүнчө химиялык бирикмелерди түзүп, катуу тоо тек жана минералдар түрүндө жолугат. Булардын кристаллдык торчосунда атомдордун (иондордун) жайгашуу тартиптери жана жалпы эле элементтердин жаратылышта таралышы Геохимиялык процесстерде чоң роль ойнойт. Ошондуктан Геохимия биринчи иретте кристалл заттардын жана аларды түзгөн атомдордун негизги касиеттерине таянат. Жаратылыштагы геохимиялык процесстер өз энергиясы, параметрлери (Р, t, Eh, рН) ж. б. боюнча ар кандай болгондуктан, анда катышкан атомдордун «жүрүш-турушу» да ар түрдүү. Аларга жансыз жаратылыштын көп факторлору жана тирүү организмдердин тийгизген таасирин изилдөө жалпы Геохимия илиминин башкы проблемалары болуп эсептелет. Геохимия теориялык Геохимия, биогеохимия, изотоптордун Геохимиясы, кристаллдык химиялык, радиогеология, физикалык Геохимия, топогеохимия ж. б. болуп бир нече тармакка бөлүнөт. Алардын ичинен 1) аймактык Геохимия айрым аймактарда химиялык элементтердин таркалуу өзгөчөлүгүн, ошол жердин геологиясына байланышын жана анын металлогениясына жараша кендердин кээ бир гана түрлөрүнүн пайда болуп калуу шарттарын изилдейт; 2) айрым элементтердин Геохимиясы ар бир химиялык элементтин жер кыртышында таралуу, топтолуу закон ченемин, физикалык-химиялык жана кристалл химиялык касиетин, кларкын, геохимиялык цикл менен процесстердеги өзгөчөлүктөрүн, башка элементтер менен өз ара байланышын, минералдарын, кендерин жана алардын өнөр-жайда колдонулушун изилдейт.

Геохимиянын илимий-теориялык мааниси Жердин химиялык эволюциясын аныктап, анын пайда болуш жана өнүгүш тарыхынын химиялык негизин билүү, айрым геосфераларга бөлүнүш себептерин ачуу. Анын практикалык мааниси да зор. Химиялык элементтердин жер катмарларында топтолуу жолдорун аныктоо менен металл кендеринин келип чыгышынын физикалык-химиялык шарттарын ачат жана алардын негизинде кен издөөнүн так геохимиялык ыкмаларын берет. Элемент иондорунун кристалл торчодо жайгашуусун изилдөө минералдык сырьёнун жаңы түрлөрүн, технологиянын жаңы жолдорун ачат.

Геохимия геология, физика жана химиянын чектериндеги илим жана алар менен тыгыз байланышта. Ошондой эле ал астрономиялык физика, геофизика, космохимия, биология, география ж. б. табият жөнүндөгү көп илимдер менен да тыгыз байланышта. Геохимия өзү менен байланыштагы илимдердин изилдөө ыкмаларын кеңири колдонот. Жер катмарындагы тоо тектердин курамын аныктоодо эң оболу геологиялык жана минералогиялык, андан кийин так анализдик химиялык, физикалык (спектр, рентген, ядро анализдери) жана математикалык ыкмалар пайдаланылат. Геохимиянын өзүнүн ыкмалары элементтердин геохимиялык таблицаларын, диаграммаларды, профилдерди, карталарды түзүү; кларк концентрациясын, чачыроо ореолдорун аныктоо; термобарогеохимиялык жана геохимиялык кен издөө ыкмалары. Анын эң негизги жана келечектүү ыкмасы геохимиялык эксперименттер жана геохимиялык процесстерди моделдештирүү.

Геохимия атом жөнүндөгү окуунун негизинде келип чыккан. Терминди илимге 1838-ж. швед химиги К. Ф. Шёнбейн киргизген. Өзүнчө илим катары 20-кылымда өнүктү. Анын өнүгүшүнө В. И. Вернадский, А. Е. Ферсман, А. П. Виноградов, Д. И. Щербаков, Н. М. Страхов, А. А. Сауков ж. б. (СССРде), Ф. У. Кларк (Америка) жана В. М. Гольдшмидттин (Норвегия) эмгектери чоң роль ойногон. Азыркы учурда тоо тектер менен минералдардын радиоактивдүүлүгүн, изотоптордун Геохимиясын жана мантиянын, Айдын геохимиялык өзгөчөлүгүн ж. б. изилдөөлөр айрыкча өнүгүүдө. Россияда Геохимия изилдөөлөр негизинен Н. С. Курнаков атындагы Жалпы жана органикалык эмес химиялык институтунда жүргүзүлөт. Кыргызстандын аймагынын геохимиясын изилдөөдө Д. И. Щербаков, А. А. Сауков, М. М. Адышев, С. Д. Туровский, В. Т. Сургай ж. б. кошкон салымдары зор.

Колдонулган адабияттар түзөтүү