Геоэкология
Геоэкология (грек тилинде gе Жер, oicos үй, жашаган жер жана ...логия) — экологиянын биосферага чейинки жогорку деңгээлдеги экотутумдарды жана геотутумдарды изилдеген бөлүгү; коом менен табияттын өз ара карын-катнашын убакыт-мейкиндик мыйзам ченемдүүлүктүн негизинде изилдеген илим тармагы. Ал өзүнө Жер жөнүндөгү илимдер (география, геология ж. б.) менен жандуу жаратылышты экологиялык-географиялык көз караштын негизинде бириктирет. Геоэкология жаратылыш сарамжалдуу пайдалануу жана табиятты коргоо боюнча илимий негиздерди түзөт, бирок аларга синоним болбойт. Терминди 1939-ж. немец географы К. Тролль сунуштаган. Ал горизонталдык (табият кубулуштарын мейкиндик боюнча изилдөө) жана вертикалдык (экотутумдагы кубулуштардын бири-бири менен байланышын изилдөө) көз караштарын бириктирүү үчүн колдонгон. Орусияда Геоэкология географияда (1950) В. Н. Сукачёв, В. Б. Сочава жана И. Г. Герасимовдун демилгеси менен бөлүнгөн. Алар В. И. Вернадскийдин, В. В. Докучаевдин, Г. И. Танфильевдин, Г. Н. Высоцкий менен Г. Ф. Морозовдун экологияга, ландшафт таанууга, фитоценологияга ж. б. илимий багыттарга көз караштарын өнүктүрүп, экотутумдардын, жансыз жаратылыштын өз ара карым-катнашынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана табият чөйрөсүндөгү кайтарылгыс процесстериндеги адамдын ролун түшүндүргөн. Бул чөйрөдөгү изилдөө иштерин Б. В. Виноградов (1998), И. Е. Тимашов (2000), А. Р. Исаченко (2001), А. А. Тишков (2005) ж. б. илимпоздор уланткан. Экология тирүү организмдер менен чөйрөнүн карым-катнашын изилдесе, Геоэкология чөйрөнү өзүнчө жаратылыш компоненттерине (рельеф, климат, суу, топурак, өсүмдүктөр жана жаныбарлар) бөлүп, алардын өз ара байланыштарын жана көз карандылыктарын адамдын чарбалык иши менен кошо изилдейт.
Булактар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4