Геоэкологиялык карта түзүү

Геоэкологиялык карта түзүү – аймактын геоэкологиялык шартын изилдеп жана анын картографиялык моделин түзүү боюнча талаа, лабораториялык жана камералык иштердин жыйындысы. Геоэкологиялык шартка адамдын ден соолугуна таасир тийгизүүчү табигый чөйрөнүн мүнөзү жана касиеттери, чарбалык системанын иштөөсү, биоценоздордун абалы жана алардын техногендик таасирге туруктуулугу кирет. Геоэкологиялык карта түзүү табигый чөйрөнү коргоо жана аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды негиздейт. Геоэкологиялык карта түзүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл: 1) табигый чөйрөнүн касиеттерин изилдөө, алардын мейкиндик боюнча өзгөрүү закон ченемин аныктоо, жалпы мүнөздөмөсүн алуу, табигый абалын типтештирүү; 2) геосистемалардын табигый жана техногендик таасирлерге реакциясын, алардын таасиринен геологиялык, геофизикалык, геохимиялык процесстердин өнүгүү закон ченемдүүлүгүн изилдөө, экологиялык жана инженердик тобокелдикке баа берүү; 3) техногендик таасирдин булактарын аныктоо жана аларга экологиялык мүнөздөмө берүү менен жаратылыш чөйрөсүнүн өзгөрүү мүнөзүн жана масштабын аныктоо; 4) учурдагы табигый чөйрөнүн абалына баа берүү, техногендик таасирден анын өзгөрүү деңгээлин, экологиялык кырдаалды жана экологиялык абалдын өнүгүү тенденциясын аныктоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү