Герефорд Ую — эт бодосу. 18-кылымда Англияда чыгарылган. Тулку бою дулдугуй, жайык, көкүрөгү салык, өңү күрөң, ала баш, куу чандыр, ала шыйрак, эткел уй. Бийикт. 125, көкүрөк курчай өлчөмү 197, тулкусунун уз. 153 см. Букасынын турүүлөй салм. 850—1000, инеги 550—650 кг. Герефорд Ую. бат семирип, эти сапаттуу келет. Сойгондо 58—62%, кээде 70%ке чейин эт чыгат.

Бул уй Англия, АКШ, Канада, Жаны Зеландия ж. б. өлкөлөрдө көп асыралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.