Германий кычкылдары
Германий кычкылдары — германийдин кычкылтек менен бирикмелери GeO, Ge02.
Германийди абада же кычкылтек агымында 500—700°Сде ысытуудан пайда болот. Германий кош кычкылы Ge02 — 1116°Сде эрий турган ак күкүм. 1250° тан баштап бууга айланат. Хим. касиети боюнча амфотердүү; жегичтерде жакшы, кислоталарда начар эрийт.
Германий кычкылдары өтө таза германийди алууда, жог. сапаттуу тунук айнектер жасоодо жана катализатор катары кенен колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.