Германистика – герман тилдүү элдердин тили, адабияты, тарыхы, материалдык жана рухий маданиятын изилдеген илимий дисциплиналардын жыйындысы. Термин көпчүлүк учурда байыркы жана азыркы герман тилдери, диалектилери, ошондой эле адабиятын изилдеген илим маанисинде колдонулат. Германистикага даниялык илимпоз Р. Раск (17871832) жана немец илимпозу Я. Гримм (1785-1863) негиз салышкан. 20-кылымдын экинчи жарымынан АКШ, СССР, Японияда Германистика боюнча ири илимий борборлор түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү