Сэр Герман Бонди (англ. Sir Hermann Bondi; 1919-жылы 1-ноябрь, Вена – 2005-жылы 10-сентябрь, Кэмбридж) – англо-австриялык математик жана космолог.

"Ири жарылуу теориясына" альтернатива болгон стационардык аалам теориясын Фред Хойл жана Томас Голд менен бирге өнүктүргөнү менен таанымал. Окумуштуу жалпы салыштырмалуулук теориясынын өнүгүүсүнө да салым кошкон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

1945-1954-жылдар арасы Бонди Кембридж университетинде математика адистиги боюнча сабак берген. 1943-9 жана 1952-4-жылдар арасы Trinity илимий коомчулуктун мүчөсү болгон.

1948-жылы Бонди Хойл жана Голд менен бирге стационардык аалам теориясын түзгөн, теория боюнча Аалам жыл сайын кеңейет бирок материя орто тыгыздыкты сакташ үчүн ар дайым жаңы жылдыздарды жана галактикаларды жаратуу үчүн жаралат. Стационардык аалам теориясы космостук кичи толкундуу фондун ачылышы менен атаандаш болгон ири жарылуу теориясын басып өткөн.

Бонди эң биринчилерден болуп гравитациялык радиациянын табияна баа берген, ошону менен окумуштуу Бонди радиация координаттарын, Бонди k-calculus ыкмасын, Бонди масса жана Бонди жаңылыктарын жайылткан жана баяндама макалаларды жазган. Физикалык жактан маанилүү нурлануулар чындыгындан жалпы салыштырмалуулук теориясы аркасы менен далилдени анонимдүү түрдө Ричард Фейманга тиешелүү болгон sticky bead argument экспериментин жалпыга жеткиликтүү формада баяндаган. Бул ой 1955-жылга чейин талаштуу деп эсептелген. 1947-жылкы макалада, турпатташ эмес, симметриялуу сфера сымал чаң чечим (көп учурда Леметр-Толмен-Бонди метрикасы катары кездешет) Леметр-Толмен метрикасына кызыкчылык пайда болгон. Ошондой эле Бонди, Реймонд Литлтон менен бирге иштеп материянын газ булутунан жылдызга же кара туңгуюкка өөрчү теориясынын өнүгүүсүнө салым кошуп "Бонди өөрчүсү" жана "Бонди радиус" деген аталыштарды койгон.

1954-жылы Лондондогу королдук колледжинин профессору болуп, 1985-жылы эмгек сиңирген профессор наамына ыйгарылган. 1956-1965-жылдар арасы Королдук астрономиялык коомчулугунун катчысы болгон.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Math-bio-stub Калып:Astronomer-stub Калып:AT-bio-stub Калып:UK-bio-stub