Гермафродитизм — жалган жана чыныгы түрү болуп экиге бөлүнөт. Чыныгы гермафродитизмде бир эле учурда аялдык жана эркектик жыныс бези болот. Жалган гермафродитизмде жыныс бездери эркекке же аялга таандык болуп калыптанат, бирок жыныс органынын сырткы түзүлүшү бир аз өзгөрүлгөн болот. Эркектерде жыныс органынын кемтигине эн безинин өөрчүп жетилбей калышы, эн безинин бирөө же экөө тең жок болушу, кошумча бездин болушу (демейде алар өөрчүп жетилбейт), калтага толук түшпөй калышы (крипторхизм) жана туура эмес жайгашышы, ошондой эле фимоз, парафимоз жана эн безинин суу шишиги. урук чылбырынын кистасы да өсүү кемтиги болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8