Герхард Фриц Курт Шрөдер (7. 4. 1944-ж. т., Бломберг) - немец саясий ишмери, Германиянын 7-федералдык канцлери (1998-2005).

Schröder (2016)

Геттинген университетин бүтүргөн соң, ошол эле окуу жайынын укук кафедрасында окутуучу (1971-77), Ганноверде юрист, ошол эле убакта Германия социал-демократиялык партиясында «Жаш адистер» жаиггар секциясынын лидери (1978-90), Төмөнку Саксония аймагында премьерминистр (1990-94) болуп иштеген. 2006-жылдан Nord Stream AG акционерлер к-тинин төрагасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4