Теодор Герцен

(Герцен, Теодор Теодорович барагынан багытталды)

Теодор Теодорович Герцен (15. 3. 1935-ж. т., Кыргызстан, азыркы Талас облусу, Бакай-Ата району, Ак-Дөбө айылы Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) району, Ак-Дөбө айылы – 29. 6. 2003, Германия, Хюрт шаары) — монументалист, график. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1993), Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1982), Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961).

Теодор Теодорович Герцен

Өмүр таржымалыОңдоо

1959-жылы Бишкек сүрөт окуу жайын, 1966-ж. Москвада жогорку көркөм-өнөр жай окуу жайынын монументалдык-жипопись бөлүмүн бүтүргөн.

Профессор В. Ф. Бордиченконун классында окуган. 1959—60-жылы Бакай-Ата районунун «Красная Заря» колхозунда сүрөтчү, 1966-жылдан кыргыз сүрөт фондусунда сүрөтчү-монументалист.

Герцен монументалист катары негизинен мозаика жана фреска техникасында иштейт. Ал Кемин районундагы Ильич совхозунун клубундагы «Дем алуу» (1967), Кочкор районунун «Соңкөл» совхозунун клубунун фойесиндеги «Жылкычылар» аттуу мозаиканын (1977), Бишкек шаарындагы «Ай-Пери» салонундагы «Аялдар» аттуу паннонун жана башка көптөгөн чыгармалардын автору. Ош кыргыз драма театрын, Киров суу сактагычын жасалгалаган.

 
Пейзаж

ЖетишкендиктериОңдоо

Герцен Кыргызстанда алгачкылардан болуп өндүрүштүк интерьердеги монументалдык живописти түзүүгө киришип, көптөгөн мозаикаларды түзгөн.

Герцен китеп графикасында линогравюра-сүрөттөрдүн кеңири циклин түзгөн. Алсак, ал "Манас" эпосунун кошмо варианттарына, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча чыгарылган 4 томдукка сүрөттөрдүн сериясын (200дөн ашык жанрдык жана портреттик гравюраларды) тарткан. Ушул эле сүрөттөр 2010 ж. "Турар" басмасынан чыккан С. Каралаевдин айтуусундагы "Манас" эпосунун толук вариантында жана белгилүү кыргыз кинорежиссеру М. Убукеевдин "Улуу манасчы" даректүү тасмаларында да колдонулган. Ошондой эле Токтогулдун 2 томдугуна, «Кыргыз эл жомокторуна», С. Эралиевдин, О. Султановдун жана башка китептерине сүрөттердү тарткан.

Герцен экслибрис жасоодо да көп тажрыйба топтогон. Анын Ч. Айтматов, С. Токомбаева, М. Ахунбаев, Ж. Үмөтов, А. Игнатьев жана башкага жасаган экслибрисгери ийгиликтүү чечилген.

Герцендин Талас өрөөнүнүн табиятына арналган пастелдеринин цикли кооздукту сезимтал андай билген пейзажист экенин да айгинелеп турат. Герцен кыргыз сүрөт өнөрүнө чебер график-пейзажист жана монументалист катары кирген. Анын «Үрмарал суусу» (1967), «Талас тоолору» (1968), «Киров суу сактагычы» (1974), «Соңкөлдө» (1976), «Кечки жомок» (1978), «Манастын күмбөзү» (1980), «Уулумдун портрети» (1980), «Менин өнөрканам» (1980), «Талас суусу» (1984) жана башка чыгармалары бар.

 
Пейзаж

Герцен 1964-жылдан республика, Бүткүл союздук жана чет элдик көркөм сүрөт өнөрү көргөзмөлөрүнүн туруктуу катышуучусу. Медалдар менен сыйланган.

Москвадагы Строганов атындагы жогорку көркөм өнөр окуу жайын (1966) бүтүргөн. 1965-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1970-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз сүрөт фондунун председатели. Т. Т. Герцен монументтик-декоративдик искусстводо, станоктук жана китеп графикасында эмгектенген. Т. Т. Герцендин монументтик эмгектерине Кемин районундагы мурунку Ильич атындагы колхоздун клубунун фойесиндеги «Эс алуу» (1967), Ош драма театрындагы мозаика жана витраждар (1974), ВЛКСМ атындагы кийим тигүү фаврикасынын бет маңдайындагы мозаика (1984) кирет. Графиканын линогравюра, рисунок, пастель жана акварель техникаларында иштеп, «Мөл булак» (1966), «Соң-Көлдө» (1976), «Уктаарда» (1978), «Менин өнөрканам» (1980) сыяктуу көп серияларды жана циклдерди жараткан. Т. Т. Герцен «Манас» эпосунун 3 томун (С. Орозбаковдун варианты боюнча) жана «Нибелунгдардын шакеги» аттуу немец эпосун көркөмдөгөн. Т. Т. Герцендин эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, КМШ өлкөлөрүнүн жана Германиянын музейлеринде, өздүк коллекцияларда сакталууда. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттарОңдоо