Герцог
Герцог (немецче Herzog) – байыркы германдарда уруунун шайланма аскер башчысы. Батыш Европада алгачкы орто кылымда уруу князы, феодалдык бытырандылык мезгилинде согуштук-лендик системада королдон кийинки ири жер ээси; феодалдык бытырандылык жоюлгандан кийин Батыш Европада жогорку дворяндык титулдардын бири.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4