Гесь Михаил Данилович (17. 11. 1938-жылы туулган, Украина ССРи, Волынь облусу, Горохов району, Диковина кыштагы) – геологиялык-минералогия илимдеринин доктору (2006). И. Франко атындагы Львовь мамлекеттик университеттин бүтүргөн (1960). 1960-76-жылдары Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясында коллектор, геологиялык партиянын улук геологу, начальниги, 1976-88-ж. Кыргыз ССР Иилимдер Академиясынын Геологиялык институтундагы тектоника жана стратиграфия (кийин геодинамика) лабораториясынын кызматкери, 1988-жылдан башчысы. М. Д. Гесь 70 илимий эмгек, анын ичинде 1 монографиянын, тектоникалык, геологиялык, геодинамика жана металлогения боюнча 6 картанын автору. Илимий эмгектери негизинен Теңир-Тоонун геодинамикасын изилдөөгө арналган. Эмгектери: Стратифицированные и интрузивные образования Киргизии (авторлош), Ф., 1982; Геодинамическая карта СССР (авторлош). Л., 1989.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү