Гетеракидоз — куштардын Hetera- kidae тукумундагы мите курт пайда кылуучу гельминтоз ылаңы.

Ылаң бардык жерде кездешет. Гетеракистер — майда, ак саргыл түстөгү жумуру курттар, уз. 5—13 мм. Личинкасы тышкы чөйрөдө өсүп жетилет. Бул ылаңды дарттуу куштар таратат. Патологиялык процесс ичегиде өнүгүп, кийинчерээк башка органдарга өтөт. Мите курттар ичегинин былжьгр челин жаралантып, анын безин некрозго айландырат. Дары катары фепотиазин колдонулат.

Профилактика: жөжөлөрдү өзүнчө бөлүп, ачsк талааларда багуу, жайыт участкаларын которуштуруу, тооккананын ичиндеги буюмдарды таза кармоо ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.