Гетероспоралуулук (гр. heteros – ар башка, түрдүү, spora – урук) – папоротник сымалдардагы түрдүү көлөмдөгү (чоң, кичине) споралар. Чоң көлөмдөгү споралар мега же макроспоралар, кичинелери микроспоралар деп аталат. Мегаспоралардын өсүп жетилүүсүнөн энелик гаметофит, микроспоралардан аталык гаметофиттер пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү