Гетто (италия тилинде ghetto nuovo «жаңы куйгуч») – өз эрки же күч колдонуу менен этникалык азчылыктар үчүн бөлүштүрүлгөн ири шаарлардагы атайын район. Бул термин алгач Венецияда 1516-ж. колдонулган (Ghetto di Venezia). Анда жөөттөрдү каттоо үчүн Венециянын Каннарежо району атайын каналдар менен курчалып коюлган. Кийинчерээк Германия, Франция, Швейцарияда пайда болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер тарабынан Чыгыш Европанын бир катар шаарларында түзүлүп (мисалы, Польшадагы Варшава Геттосу, Чехиядагы Терезин Геттосу, СССРдеги Минск Геттосу), алар жөөттөрдү кырып, жок кылуучу концлагерлерге айландырылган. Айрым тарыхчылар Америкадагы индей уруулары үчүн курулган резервацияларды Геттого салыштырат. Азыркы учурда АКШнын айрым шаарларындагы түстүү расалардын өкүлдөрү жашаган кварталдарды дагы «Гетто» деп атап жүрүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү