Гибрид - (латынча hibrida, hybrida – аргын, кошмо) – тукум куучу касиети ар башка жаныбар жана өсүмдүктү (клеткаларды) аргындаштыруудан, кайчылаштыруудан алынган организм (клетка). Гибриддештирүүнүн негизинде эволюциянын эң негизги күчтөрүнүн бири комбинациялык өзгөргүчтүк жүрөт. Бир түрдүн особдорун аргындаштыруу түр ичиндеги, ал эми башка түрлөр же тукумдар особдорун аргындаштыруу алыскы түрлөрдү аргындаштыруу деп аталат. Алыскы түрлөрдү аргындаштырууда ар башка геномдордун кошулуусу жүрөт. Мында аргындар (гибриддер) эреже катары тукумсуз болушат. Табигый гибридештирүү эзелтен эле жүрүп келген. Ал жаратылыштын өзүндө өтөт, жасалма гибриддештирүү адам кийлигишүүсү менен ишке ашат. Мал чарбасында эки башка порода өз ара же түр бири-бири менен аргындаштырылат. Гибриддештирүүнүн натыйжасында мыкты аргын же жаңы порода чыгарууга болот. Мындай учурда аргын малда кунардуулук, чыйрактык, тез жетилүү сыяктуу сапат жаралат. Өсүмдүк селекциясында ар башка түргө кирүүчү формаларды же сортторду гибриддештирүү аргын алуунун өтө татаал жана кыйын ыкмасы. Анткени түрлөрдүн хромосомалары бири-бири менен коньюгацияланбайт, башкача айтканда оңой менен кыналышпайт. Гибриддештирүү схемасын жазууда, ата теги латын алфавитинин Р тамгасы, энелик организм ♀ , аталык организм ♂, аргындаштыруу X белгиси, биринчи гибрид муун F1, экинчи муун F2 латын тамгалары менен белгиленет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү