Гибрид тоо тектери – ар түрдүү магманын аралашуусунан жана анын өзгөрүшүнөн пайда болгон тоо тектер. Аларда курамы жана түзүлүшү жагынан накта магмадан пайда болгон тоо тектерден өзгөчөлөнүп, структурасы жана текстурасы жагынан ар түрдүү, минералдардын парагенезиси аномалдуу, арасында башка тоо тектердин кесек бөлүктөрү (ксенолиттер) болот. Ассимиляциядан пайда болгон гибрид тоо тектеринде кесек сыныкчалардын алгачкы белгилери такыр байкалбайт, ал эми контаминацияда (булганууда) алгачкы белгилери сакталат. Жанаша жаткан тоо тектердин талкаланышы, магмадагы учма заттардын мол болушу, магма менен ага чектеш тоо тектердин курамы боюнча кескин айырмаланышы гибрид тоо тектеринин пайда болушуна ыңгайлуу шарт түзөт. Негиздүү курамдагы лава материалы гранит интрузиясына таасир тийгизсе, экөөнүн ортосунда ассимиляция процесси жүрүп, ошол интрузиянын четинен ортосуна карай габбро габбро-диорит диорит кварц диорити гранодиорит граниттен турган гибрид тоо тектеринин катары келип чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү