Гигрограф
Гигрограф(гигро... жана ...граф) — абанын салыштырмалуу нымдуулугун тынымсыз каттоочу прибор.
Түзүлүшү жагынан гигрометрге окшош. Прибордун сезгич элементи — адамдын майсыз чачы же органикалык пленка. Нымдуулуктун өзгөрүшү (саат механизим менен кыймылга келет) барабанга оролгон кагаз тасмага автоматтык түрдө жазылып турат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.