Гидравликалык кыймылга келтиргич

Гидравликалык кыймылга келтиргич (автоматтык сис­темаларда) — аз кубаттуу сигналдын таасири менен башкарылуучу жондөө системаларынын жөндөөчү органдарын же ээрчиме системалардын чыгыш элементтерин башкаруучу гидравликальш түзүлүштөр комплекси.

Автоматтык системаларда гидравли­калык түзүлүштөр күчөткүч жана жумуш аткаргыч механизмдер катары колдонулат. Адатта ал механизмдер бирдиктүү блоктор түрүндө жасалып, сервомотор, сервомеханизм же сервокыймылдаткыч деп аталат. Сигналды башкаруучу ж-a күчөтүүчү системанын түрүнө жараша Гидравликалык кыймылга келтиргич электр гидравликалык жанa пневмогидравликалык кыймылга келтиргич болуп бөлүнөт. Булар программа боюнча башка­рылуучу металл кесүүчү станоктордо, автопилотто, трактор менен комбайндьш башкаруу системаларында кол­донулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.