Гидраттар
Гидраттар — органикалык жана органикалык эмес заттарга сууну кошуудан пайда болгон кошулмалар.
«Гидраттар» деген термин негизинен кристаллдашкан суусу бар бирикмелерге карата айтылат (Кристаллогидраттар).
Мурда «металл кычкылдарынын гидраттары» (мис., NaOH — натрий кычкылыиын гидраты) деп аталуучу. Азыр бул бирикмелер металлдардын суу кычкылы ден аталат, анткени алардын составында кристаллогидраттардагыдай суунун өзүнчө молекулалары болбойт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.