Гидроакустика - (гидро... жана акустика) – акустиканын суу астындагы локация, байланыш максатында суу чөйрөсүндөгү (деңиз, океан ж. б.) үн толкундарынын таралышын үйрөтүүчү бөлүмү. Суу астында үн начар басаңдагандыктан, абага караганда өтө көп аралыкка тарайт. Мисалы, 500–2000 Гц жыштык диапазонунда үн суу ичинде 15 – 20 кмге, ультраүндөр 3–5 кмге таралат. Үндүн таралышына суунун илээшкектигинен тышкары анын рефракциясы (сынышы) жана чачырашы тоскоол болот. Бийиктик боюнча гидроакустикалык басымдын өзгөрүшү, Күн таасиринен суу массасынын жылышын жана туздуулугунун ар кандайлыгы тереңдик боюнча суунун касиеттеринин бирдей эместигине алып келип, булар үн рефракциясын пайда кылат. Ушуга байланыштуу үндүн таралуу ылдамдыгы тереңдикке, суу басымына, температурага, жыл жана күн мезгилдерине ж. б. себептерге карата өзгөрөт. Гидроакустика суу астындагы жана суу үстүндөгү объектилерди табуу жана классификациялоо, суу астындагы үн байланышы, навигация, суу тереңдигинде изилдөө ж. б-да колдонулат. Негизги гидроакустикалык каражаттарга гидролокатор, эхолот, гидрофон ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү