Гидрогендөө жана дегидрогендөө

Гидрогендөө жана дегидрогендөөсуутектин элементтер же бирикмелер менен кошулушу жана алардан ажыроо реакциялары.

Гидрогендөө жана дегидрогендөө негизинен катализатордун катышуусу м-н жүрөт.

Бирдей катализаторду колдонгон учурда Гидрогендөө төмөнкү температурада, ал эми Дегидрогендөө жогорку температурада жүрөт. Басым жогорулаган сайын Гидрогендөө ылдамдап, Дегидрогендөө басаңдайт.

Гидрогендөө жана дегидрогендөө убагында катализатор катары металлдар (Fe, Xi, Со, Pt ж. б.), кычкылдар (СоО, Сг2Оз, Мо02, РЮ2 ж. б.), сульфиддер (WS2, MoS2) колдонулат.

Гидрогендөө реакция­сы үч топко бөлүнөт:

1) суутекти кошуп алуу м-н бирге калыбына келүү;

2) суутектин элементтер же каныкпаган бирикмелер м-н кошулушу;

3) молекуланын түзүлүшүн өзгөртүү м-н суутектин кошулушу.

Гидрогендөө жана дегидрогендөө — орг. химияда кенири таралган реакция. Гидрогендөө көп атомдуу спирттерди, гликолду, аммиакты, метил спиртин синтездөөдо, өсүмдүк майын катуу майга (маргаринге) айландырууда, таш көмүр ж-а нефть продуктуларын кайра иштетүүдө кенири колдонулат. Биринчилик, экинчилик спирттерди Дегидрогендөө тиешелүү альдегиддерди ж-a кетондорду же реакциянын шартына жараша эфирлерди пайда кылат. Дегидрогендөө полимерлерди, каныкпаган углеводороддорду, каучукту ж-a чайырларды синтездөө, бутадиенди ж-a изопренди ж. б. алууда кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.