Гидрогенератор - (гидро... жана генератор) – гидравликалык турбина менен айландырылуучу генератор. Гидравликалык турбинанын айлануу ылдамдыгы жай болгондуктан, анын валына туташтырылуучу гидрогенератор ачык уюлдуу синхрондуу генератор болууга тийиш. Гидрогенератор айлануу огунун жайгашышына жараша тик жана горизонталдуу болуп бөлүнөт. Ачык уюлдуу машиналардын валы горизонталдуу, ал эми басымы аз гидростанцияларда колдонулуучу, айлануу ылдамдыгы кичине гидрогенератордун валы тик коюлат. Гидрогенератор аз кубаттуу (50 МВтка чейин), орточо кубаттуу (50–150 МВт) жана чоң кубаттуу (150 МВттан жогору), ал эми айлануу жыштыгына карай жай (100 айл/минга чейин) жана ылдам жүрүүчү (100 айл/миндан жогору) болуп бөлүнөт. Гидрогенератор берген чыңалуу 8,8–18 кВ; кубаттуулук коэффициенти 0,8–0,95; ылдам жүрүүчү гидрогенератодун пайдалуу аракет коэффициенти 97–98,8%, жай жүрүүчүнүкү 96,3–97,6%. Гидрогенератордун кубаттуулугу жүздөгөн МВтка жетет, мисалы, Братск ГЭСи үчүн курулган гидрогенератордун кубаттуулугу 265 МВт, айлануу ылдамдыгы 125 айл/мин. Дүйнөдөгү эң ири ГЭСтердин бири Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт. Ар бири 300 МВт кубаттуулуктагы 4 гидрогенатордон турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү