Гидрогеологиялык аймакташтыруу

Гидрогеологиялык аймакташтыруу, гидрогеологиялык райондоштуруу – тоо тек катмарларынын гидрогеологиялык шарттарына, жер астындагы суулардын пайда болуусуна, таралуусуна жана алмашуусуна карай айрым жерлерди табигый бирдей аймактарга бөлүү. Гидрогеологиялык аймакташтыруу гидрогеологиялык изилдөөлөрдүн негизинде жер астындагы сууларды эл чарбасына пайдалануу ишин жакшыртуу үчүн жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык аймакташтыруу негизинен атайын максаттагы жана жалпы болуп бөлүнөт. Жалпы гидрогеологиялык аймакташтыруу жер астындагы сууларды ар кандай багытта (ичүүгө, сугатка, техникалык керектөөлөргө) пайдалануу, ал эми атайын максаттагы гидрогеологиялык аймакташтыруу терм же минерал сууларын келечектүү аймактарга бөлүү үчүн жүргүзүлөт. Ар бир гидрогеологиялык аймак суунун жайгашуусу жана курамы боюнча бири-биринен айырмаланат, башкача айтканда бир аймакта тузсуз таза суу болсо, экинчисинде минералдашкан туздуу суу кездешет. Кыртыш сууларын аймакташтырууда антропогендин тоо тек катмарларынын таралышын жана курамын аныктоо өтө зарыл болсо, артезиан сууларын аймакташтырууда геологиялык структураларды (ойдуң, синклиналь, мульда ж. б.) аныктоо керек, анткени көрсөтүлгөн структурада артезиан бассейндери жайгашат. Минералдуу сууларды аймакташтырууда алардын газ курамына айрыкча көңүл бөлүнөт. Кыргызстандын аймагын, анын гидрогеологиялык шарттары боюнча Р. С. Мангельдин негизинен 3 гидрогеологиялык системага жана (Түндүк, Ички жана Борбордук Теңир-Тоо), анын ичинде 5 регионго (Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Кан-Теңир Ак-Сай жана Арпа бөлгөн (1975); мында 50дөн ашык артезиан бассейндери белгиленген. Гидрогеологиялык аймакташтыруу тоо кырлары менен чектелип бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү