Гидрогеологиялык карта – жер астындагы суулардын жайгашуу жана таралуусун чагылдырган карта. Гидрогеологиялык карта гидрогеологиялык съёмканын маалыматтарына таянып, геологиялык карталардын негизинде түзүлөт. Картада суулуу кабаттардын геологиялык түзүлүшү менен таралышы, булактар, алардын дебити, тереңдиги менен химиялык курамы, кудуктар, бургуланган көзөнөкчөлөр, көлдөр, саздар, агын суулар ж. б. көрсөтүлөт. Гидрогеологиялык карта ири (1:50 000 жана андан чоң), орто (1:200 000 1:100 000), кичине масштабдагы (1:500 000 жана андан да кичине) болуп бөлүнөт. Изилдөөнүн максатына жараша жалпы, негизги суулуу кабаттар; атайын максаттагы гидрогеологиялык карталарга ажыратылат. Гидрогеологиялык картага аймактын гидрогеологиялык шарттарын мүнөздөөчү түшүндүрмө текст кошо берилет. Азыркы учурда КМШнын аймагынын 1:2 500 000 масштабдагы жалпы гидрогеологиялык картасы, гидрохимиялык карта, жер астындагы минералдуу, жылуу жана ысык суулар ж. б-дын карталары түзүлгөн. Көп жерлердин 1:500 000 жана 1:200 000 масштабдагы карталары бар. Кыргызстандын көпчүлүк өрөөндөрү үчүн кичи масштабдагы (1:500 000), ал эми Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Фергана өрөөндөрүнүн ири масштабдагы (1:50 000) гидрогеологиялык карталары түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү