Гидрогеологиялык райондоштуруу
Гидрогеологиялык райондоштуруу - тоо тек катмарларынын гидрогеологиялык шарттарына, жер астындагы суулардын пайда болушу, таралышы жана алмашуусуна карай айрым жерлерди табигый бирдей аймактарга бөлүү.
Гидрогеологиялык райондоштуруу гидрогеол. изилдөөлөрдүн негизинде жер астындагы сууларды эл чарбасына колдонуу ишин жакшыртуу үчүн жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык райондоштуруу негизинен атайы максаттагы ж-а жалпы болуп бөлүнөт.
Ар бир гидрогеол. район суунун жайгашуусу ж-а составы боюнча бири биринен айырмаланат, башкача айтканда бир райондо тузсуз таза суу болсо, экинчисинде минералдашкан туздуу суу кездешет.
Кыртыш сууларын райондоштурууда антропогендин тоо тек катмарларынын таралышын ж-а составын аныктоо өтө зарыл болсо, артезиан сууларын райондоштурууда геол. структураларды (ойдуң, синклиналь, мульда ж. б.) аныктоо керек, анткени көрсөтүлгөн структураларда артезиан бассейндери жайгашат. Минералдуу сууларды райондоштурууда алардын газ составына айрыкча көңүл бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.