Гидрогеологиялык съемка

Гидрогеологиялык сьемка жер бетиндеги аймактардын гидрогеологиялык картасын түзүү жана жалпы гидрогеол. шарттарын аныктоо үчүн талаада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн жыйындысы.

Гидрогеологиялык съемкада топографиялык же геол. карталарга булактар, кудуктар, бургулоо көзөнөктөрү (скважиналары), саздар, дарыя-суулар, көлмөлөр ж. б. түшүрүлүп, суунун дебити, составы, сапаты ж. б-лары аныкталып, баяндамасы толук жазылат. Керек учурда бургулоо жана геофиз. иштер да жургүзүлөт. Гидрогеологиялык съемканын негизги максаты — суу топтоочу катмарлардын санын, таралышын, жайгашуу шарттарын ж-а жер астындагы, жер үстүндөгү суулардын хим. составын аныктоо. Гидрогеологиялык съемка кичине масштабдагы (1:1000 000—1:500 000), орто масштаб­дагы (1:200 000—1:100 000) жана ири масштабдагы (1:50 000—1:25 000 жана андан да чоң) болуп бөлүнөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.