Гидродинамикалык трансформатор

Гидродинамикалык трансформаторгидродинамикалык кыймыл өткөргучтун бир түрү.

Азыркы кез­деги Гидродинамикалык трансформатор. бир корпустун ичинде жангашкан насостук, багыттоочу жана турбиналык дөңгөлөктөрдөн турат. Насостук дөңгөлөк кыймылдаткычтын, турбиналык дөңгөлөк жумуш­чу машинанын валы менен туташтырылган. Айландыруучу момент насос­тук дөңгөлөктөн турбиналык дөнгөлөккө жумушчу суюктуктун жардамы менен берилет. Гидродинамикалык трансформатор автомобиль, трак­тор, тепловоз ж. б. машиналардын күч берүү системаларында кеңири колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.