Гидрологиялык станция — Деңиздин (же көлдүн) координаталары белгилүү бир чекитиндеги пункту.

Анда кемеден гидро­логиялык (деңиздин абалы, аба ырайы, суунун өңү, тунуктугу, температура жана хим. составы, ошондой эле агымдардын багыты жана ылдамдыгы) байколор жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.