Гидронавт акванавт (гидро..., лат. aqua — суу жана гр. nautes — деңизде сүзүүчү) — узак убакыт бою сыртка чыкпай суу астындагы имаратта (аппаратта) иштөөчү атайын даярдык алган адам.

Гидронавт узак убакытка айлана чөйрөдөгү басымдын аракетине каршы организмдин ыңгайлашканын пайдаланып, суу астында­гы ил. из. иштерин аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.