Гидронефроз — бөйрөктөн зааранын чыгышынын тоскоолдукка учурашынан бөйрөк ойдуңчалары менен чөйчөкчөсүнүн чоюлушу, бөйрөк ткандарынын атрофиясы менен мүнөздөлүүчү оору.

Гидронефроз

Гидронефроз көбүнчө 25—35 жаш чамасындагы аялдарда жана балдарда кездешет. Гидронефроз көбүнчө бир бөйрөктө, айрыкча оң бөйрөк, кээде эки бөйрөктө тең болушу ыктымал. Бул оору тубаса жана кийин пайда болгон болуп бөлүнөт. Бөйрөк түтүгүнүн жана чөйчөкчосүнүн ичкериши, чөйчөкчөнүн ичин клапан жабуу, кошумча артерия бөйрөк түтүгүн басып, кысып ичкертүүсү, заара жолдорунун таш оорусу, бөйрөктүн төмөндөп кетиши, шишик же бөйрөктүн кургак учукгу, заара каналынын ичкериши, простата безинин аденомасы жана башка себептерден заара бөйрөктө кармалып, зилдеп (кабылдап) гидронефрозго чалдыктырат.

Мында бөйрөк түтүгү менен чөйчөкчөсү кеңейип, бөйрөктүн ички басымы жогорулайт, натыйжада кан тамырлар ичкерип, бөйрөктө кан айлануу бузулат. Демейде көп билинбейт, кээде бөйрөктүн, белдин тушу уюп ооруйт, кыймылдаганда, иштегенде оору күчөйт, бел же ич көңдөй тушунда оор нерсе тургандай сезилет. Чоңойгон бөйрөк төмөндөп кетет да, ичегилерди басып калганда ич көөп, окшуп, кускан учурлар да болот. Заара менен кан чыгат (гематурия), инфекция кошулса ириң аралаш заара (пиурия) чыгат. Дарылоо гидронефроздун себебине жараша операция жолу менен жүргүзүлөт. Өз убагында дарылоодон орган калыбына келет.




Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8