Гидропоника
Гидропоника (гидро... жанa гр. рonos — иш) — өсүмдүктү топураксыз жасалма чөйрөдө өстүруү.
Бул жол менен өстүрүүдө өсүмдүктүн тамыр системасы сууда же нымдуу абада (аэропоника) өөрчүп, керектүү затты азыктандыруучу эритмеден алат. Өсүмдүктү Гидропоника методу м-н өстүрүүдө эмгек көп талап кылынбай, суу жана азык заттар азыраак сарпталат, отоо чөп болбойт.
Азыктандыруучу эритмеде азот, фосфор, калий ж. б. элементтердин туздары болот.
2017-жылга карата Канадада помидор, калемпир жана бадыраң өндүргөн жүздөгөн акр ири көлөмдөгү гидропоникалык күнөсканалар болгон.
Өнөр жайдагы технологиялык жетишкендиктерден жана көптөгөн экономикалык факторлордон улам, гидропоника боюнча дүйнөлүк рынок 2016-жылы 226,45 миллион АКШ долларынан 2023-жылга чейин 724,87 миллион АКШ долларына чейин өсөт деп болжолдонууда.[1]
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
Булактар
түзөтүү- ↑ Global Hydroponics Market Report 2017-2023: Market is expected to grow from $226.45 million in 2016 to reach $724.87 million by 2023 - Research and Markets (англ.). Berkshire Hathaway (6 December 2017).