Гидротерм кендери (гидро... жана грекче thеrmе жылуулук) – жер астындагы минералдашкан ысык суу эриндилеринин чөкмөлөрүнөн пайда болгон кен байлыктар. Жер астындагы ысык магма сууп, тоо тектерге айлануу мезгилинде алардан гидротерм эриндилери адегенде буу түрүндө бөлүнүп чыгат. Буу жер бетине карай көтөрүлгөндө акырындык менен сууп, суюк эриндиге айланат. Гидротерм эриндилери жер астындагы тоо тектер менен минералдардын курамындагы суу молекулаларынын бошонушунан жана тектоникалык жаракалар аркылуу жер бетинен сарыгып агып түшкөн суулардын тереңдикте ысыганынан да пайда болот. Эриндилердеги кен пайда кылуучу минералдык заттар магмадан жана ысык суу өткөн тоо тектерден бөлүнүп чыгат. Гидротерм кендери ар кандай (жер бетинен 10 кмге чейин) тереңдикте, 700–600°Сден улам төмөндөп, 50–25°Сге чейинки температурада жаралат. Бирок практикалык маанилүү гидротерм кендеринин пайда болуусу жүздөгөн мден 5 кмге чейинки, 400–100°С аралыгында жүрөт. Гидротерм эриндилери тектоникалык жаракалар, майда жарыктар, көңдөйчөлөр жана жогору көтөрүлгөндө кен таш түзүүчү минералдык заттар бош жерлерге чөгүп, кен таштуу аймактарды пайда кылат. Алар бош жылчыктарды толтуруп калса, кен таш тарамдары пайда болот; эринди жарыкчалуу тоо тектерден өтсө, алардын курамындагы компоненттер менен химиялык реакциялар жүрүп, тоо тектерди өзгөртүп, минералдар тоо тектердин арасына чөгүп, метасоматоздук кен таш кабаттары түзүлөт. Пайда болгон кен таш тулкуларынын формасы ар түрдүү, көбүнчө тарамдар, штокверк, кабат сыяктуу же формасыз болот. Алардын узундугу бир нече км, эни ондогон, жүздөгөн мге, калыңдыгы бир нече смден ондогон мге чейин жетет. Гидротерм кендердин курамы минералдарга бай болушу менен айырмаланат. Кен таш курамы боюнча гидротерм кендери негизинен сульфиддүү, окистүү, карбонаттуу, силикаттуу болуп бир нечеге бөлүнөт. Жердеги көптөгөн кен байлыктарды казып алууда гидротерм кендеринин мааниси өтө зор. Анткени түстүү, асыл, радиоактивдүү жана сейрек металлдар кээ бир асыл жана кооз таштар (турмалин, топаз, берилл) жана асбест, магнезит, флюорит, барит, тоо хрусталы, графит ж. б. негизинен гидротер кендеринен алынат. Кыргызстанда гидротерм кендеринин бардык түрлөрү кездешет. Мисалы, Ак-Түз жана Ак-Шыйрак кен таш талааларындагы ар кандай кендер. Гидротерм кендерин изилдеп, жиктөөдө (классификациялоодо) чет өлкөлөрдөн америкалык геологдор В. Линдгрен, А. Бэтман, швейцар геологу П. Ниггли, немис геологу П. Шнейдерхён жана орус окумуштуулары М. А. Усов, С. С. Смирнов, Ю. А. Билибин, В. И. Смирнов ж. б-дын эмгеги зор.

Колдонулган адабияттар түзөтүү