Гидротехникалык бeтон – дайыма сууда турган же мезгил-мезгили менен суу каптап туруучу курулуштарды жана алардын кээ бир бөлүктөрүн курууда колдонулуучу бетон; оор бетондун бир түрү. Гидротехникалык бетон суунун агрессивдүү аракетине каршы туруктуулугу, суу өткөрбөстүгү, суукка чыдамдуулугу, катууланууда жылуулукту аз бөлүп чыгарышы менен мүнөздөлөт. Гидротехникалык бетондун сапаты ар кандай кошулмаларды кошуу менен жогорулатылат. Гидротехникалык бетонду даярдоо үчүн портландцемент жана анын түрлөрү, толтургучтар катарында кум, шагыл, көлөмү 150 ммге чейин жана андан чоңураак таштар пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү