Гидpомодуль - (гидро... жана латынча modulus – чен, өлчөм) – белгилүү мезгилде (1 сезондо) 1 га айыл чарба өсүмдүгүн сугарууга чыгымдалган сугат суусунун орточо өлчөмү (л менен). Гидромодуль гектарына л/сек менен белгиленет. Сууну керектөөчү гидромодуль (сугат тармагына кеткен суу чыгымын эсепке албагандагы 1 га аянтка чыгымдалган суу) жана сууну пайдалануучу гидромодуль (сугат тармагына кеткен чыгымды эсепке алгандагы 1 га аянтка чыгымдалган суу) болуп айырмаланат. Гидромодулду жана сугат аянтын билип, бир жолку сугатка жана бүт сугат мезгили үчүн керектелүүчү суунун өлчөмүн аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү