Гимназия (грекче gymnаsion) – 1) жалпы билим берүүчү орто окуу жайы. Негизинен гуманитардык билим берет жана окуучуларды Жогорку окуу жайларга кирүүгө даярдайт; 2) окуучуларды жөндөмүнө жараша терең, профилдүү, жиктелген окутууну жүзөгө ашыруучу жалпы орто жана кошумча билим берүүчү мекеме. «Гимназия» термини Байыркы Грециядагы мамлекеттик окуу-тарбия мекемелери гимнасий дегенден алынган. 1538-ж. Францияда ачылган орто мектеп гимназия деп аталган. Россияда гимназия адегенде 1726-ж. Петербургда, кийин 1755-ж. Москва университетинин алдында, 1758-ж. Казанда ачылган. Россияда 19-кылымдын 60-жылдарында аялдар гимназиясы пайда болгон. Анда коомдук жана табият илимдери окутулган. Кыргызстанда гимназия 1990-ж. Бишкек шаарындагы № 5 жана № 6 мектептердин базасында ачылган. 2006-ж. республикада 100дөн ашык гимназия болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү