Гимнастика жабдыктары
Гимнастика жабдыктары - дене тарбия көнүгүүлөрү үчүн керектүү буюмдар.
Гимнастика жабдыктарынын бир нече түрү бар. Алар полго, шыпка, гимнастикалык залдын керегесине бек бекитилет же көнүгуу учурунда гимнастикалык залга алып кирүүгө жана жылдырууга ылайыкталат.
Көнүгүлөрдүн мүнөзүнө жараша Гимнастика жабдыктары төмөнкү негизги топторго бөлүнөт: жармашуу үчүн жабдыктар — шыргый, жоон аркан, керегедеги гимнастика тепкичи; асылуу, термелүү ж-а көтөрүлүү үчүн жабдыктар — гимнастика шакеги, трапеция, турник ж. б; таянып ойноо үчүн жабдыктар — жарыш брусья, гимнастика аты ж. б.; тен салмак сактоо үчүн жабдыктар — бум, гимнастика устуну ж. б.; секирүү үчүн жабдыктар — гимнастика эшеги, стол, плинт; кол жабдыктары — таяк, булава, гантель ж. б. Жармашуучу ж-а кээ бир асылып-термелип аткарылуучу көнүгүүлөрдө уруна турган жабдыктар машыгуу убагында үзүлүп же чыгып кетпес үчүн залдын өзгөчө илмектер менен бекитилет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.