Гинекология (грек. γυναίκα — «аял» жана λόγος — «үйрөнүү») — клиникалык медицинанын бөлүгү: аял организминин ар кандай мезгилдеги анатомия-физиол өзгөчөлүгүн, ошондой эле аялдардын жыныс органдарынын ооруларын, аларды дарылоо жана алдын алуу чараларын изилдейт.

1822

Гинекология хирургия, эндокринология, физиология жана башка менен тыгыз байланыштуу. Азыркы гинекология жана акушерлик бир илимди түзөт. Жыныс органдарынын сезгенүү себептерин аныктоодо бактериологиянын өөрчүшү, айрыкча сүзөк козгогучтарынын ачылышы зор мааниге ээ болду. Гинекологиянын башталышы байыркы Индия, Байыркы Грекия жана башкалардын жазуу мурастарынан белгилүү. 18-кылымдан баштап өзалдынча илим катары калыптана баштаган. 19-кылымдын аягында гинекологиялык ооруларды операция жолу менен дарылоо методдору иштелип чыкты. 20-кылымда теориялык гинекология чоң ийгиликке жетишкен. Гипофиздин, энелик уруктун жана бөйрөк үстүндөгү бездин гормондорунун ачылышы жана синтезделиши жыныс гормондорунун аял организмине тийгизген таасирин изилдөөгө, этеккир циклинин бузулушун дарылоодо гормондук терапияны колдонууга мүмкүндүк берди. Гинекологиялык ооруларды алдыналуу максатында диспансердик байкоо, айрым оорулар жаңы башталганда дарылоо жүргүзүп, рак оорусуна өтүп кетишин болтурбоо үчүн аракет жасоо зарыл. Жыныс органдарынын коркунучтуу шишиктерине нур терапиясы жана операция колдонулат. Гинекологиянын татаал маселелери эларалык конгресстерде талкууланат.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8