Гиперкинез (грек. ὑπερ- — үстүндө, сыртынан жана κίνησις — кыймыл) — нерв системасынын органикалык жана функциялык бузулууларындагы эрксиз жасалган кыймылдар. Гиперкинездерге атетоз, хорея, паркинсонизм, миоклония жана башка кирет.

Атетоздо негизинен кол эрксиз кыймылдайт. Муштум араңдан зорго түйүлүп, жазылбайт же манжалар жайылган бойдон бүгүлбөйт. Гиперкинездин өзгөчө түрүнө миоклония кирет. Гиперкинездин калтырама түрү көп кездешет. Ал нерв системасынын кайсы бир оорусунда, функциялык бузулууларында болот, кээде тукум кууйт. Анда киши кыймылдаса да, кыймылдабаса да, башы калчылдап, колу калтырай берет, бирок уктаганда жоголуп, бир нерсеге капа болгондо күчөйт. Истериялык невроздордо, ошондой эле неврастения, психиастенияда түрдүү эрксиз кыймылдар болот. Алар мээ кыртышында такай патол. козголуу пайда болгону менен байланыштуу. Функциялык гиперкинездерге адистигине жараша түрдүү кыймылдын бузулушу (жазуу спазмы — кол тырышып, жазууга эби келбей калат; скрипкачы, пианисттердин колунун түйүлүшү) кирет.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8