Гипертрихоз (лат. hypertrichosis байыркы грек. ὑπερ- — өтө эле + θρίξ, τριχός — түк + -osis; түктүүлүк) — дененин айрым жерлеринде жумшак түктүн ордуна узун, катуу түктүн ашыкча өсүшү.

Түктөр айрым жерге же жайылып өсөт. Жайылган гипертрихоз тукум куума мүнөздө болушу мүмкүн (айрым чыгыш элдеринин эркектеринин көбү түктүү келет). Айрым жердеги түктөр түрдүү таасирден (түктү дайыма искек менен жулуу, кыруу же пемза менен сүрүү), ички секреция бездеринин иши бузулгандан (аялдарда сакалмуруттун өсүшү) болот. Түк өтө көбөйүп кетсе врачка кайрылып, анын себебин табуу зарыл. Түктү убактылуу түшүрүүчү каражатты өз алдынча колдонууга болбойт. Анда түк күчөп өсөт, дерматит пайда болушу мүмкүн. Гипертрихозду дарылоо врачтык-косметикалык кабинетте гана жүргүзүлөт.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8