Гипер үн (гипер... жана үн)— термелүү жыштыгы 109—1013 гц серпилгич толкундар.

Гипер үндүн табияты ультраун менен бирдей, бирок Гипер үндүн жыштыгы ультраүндүкүнөн өтө көп болгондуктан ал чөйрөнүн квазибөлүкчөлөрү — электрон, фонон ж. б. менен өз ара кучтүү аракеттенишет.

Бөлмө температурасында жана нормалдуу атмосфера басымында абадагы 109 гц жыштыктагы толкунга 3,4 -10-5 см толкун узундугу дал келип, бул аралык молекуланын абадагы эркин өтүү жол узундугуна чамалаш. Толкун узундугу молекулалардын газдагы эркин өтүүчү жолунан (же суюк жана катуу заттардын атом аралыгынан) алда канча узун болгон шартта гана серпилгич тол­кундар серпилгич чөйрөдө тарайт. Ошондуктан нормалдуу атмосфера басымында Гипер үн абада жана газда таралбайт.

Төмөнкү температурадагы монокрпсталлдык катуу заттарда Гипер үн жакшы тарайт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.