Гиподерматоздор – бодо малдын, кой-эчкинин көгөөн личинкалары (окурасы) пайда кылуучу өнөкөт инвазия ылаңы. Көгөөн личпнкасын малдын терисине таштайт да, алар мал денесинде өөрчүйт. Андан 3–5 күндө курт пайда болот. Ал тез эле терини тешип, анын астына жайгашат, кийин сойлоп, кыр арка тарапка жылат. Жон териге жеткенде, тез чоңоёт да, 3040 күндө көгөөн терини тешип, учуп чыгат. Малдын терисинде көптөгөн тешиктер пайда болуп, экономикалык жактан зыян көбөйөт. Мал арыктайт, сүтү азаят. Бул ылаңга каршы жай мезгилинде хлорофостун 1%түү эритмесин жана күзүндө гиподермин-хлорофос колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү