Гипонимия — семантикалык талаада орун алган негизги парадигматикалык мамиле, род жана түр түшүнүктөрүнө таянат.

Түр түшүнүгүндө жалпылыкка ээ сөздөр, мисалы, жалбыз, аткулак, тикенек, чалкан, уйгак гипонимдер болуп саналат. Ал эми род түшүнүгүн камтыган сөз (бул мисалдар үчүн "чөп" деген сөз) алардын гипероними болуп саналат. Текстте Гипонимди гиперонимге алмаштырса сүйлөмдүн мааниси сакталат, бирок тескерисинче гипероним Гипонимге бардык эле учурларда алмаша бербейт. Мисалы: Таякем кой багат дегенди Таякем мал багат

деп алмаштырса болот, бирок экинчи сүйлөмдүн ордуна биринчи сүйлөм такай эле дал келе бербейт, анткени мал деп бир гана койду эмес, башка жаныбарларды да айтабыз (жылкы, уй, топоз ж.б.). Гиперонимдин гипонимге өтүү жөндөмү гипонимдин кошумча маалымат берүү касиетине байланыштуу: гипоним сөздөрдүн мааниси гиперонимдерге салыштырмалуу татаалыраак жана көлөмдүүрөөк болот. Гипонимдер гиперонимдердин маанисин камтып, ага кошумча өзгөчө дифференциалдык маанилерди да берет. Гипонимия кубулушунун негизинде сөздөр тематикалык жана лексика-семантикалык топторду түзүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4