Гипопаратиреоз - калкан сымал бездин жанындагы без гормонду (паратгормонду) аз бөлүшүнөн болгон оору.

паратгормон.

Ал безди алып таштаганда же калкан сымал безге операция жасаганда анын жабыркашынан болот. Бул учурда кальций алмашуу, ичеги-карын жолунда кальцийди сиңирүү бузулат, канда кальций азайып, нерв системасы начарлайт, булчуңдар түйүлөт, тиш бузулат жана башка Анын башталышы көп билинбей кээде кол, бут муздап, денеде бир нерсе жөргөлөп жүргөнсүп сезилет. Кош бойлуулук, этек кир убагы, уулануу, инфекция, ысык жана башка ооруну күчөтөт. Гормон жана витамин менен дарылайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8