Гирин
Гирин, Цзилинь – Түндүк-Чыгыш Кытайдагы шаар. Гирин провпнциясында жайгашкан. Сунгари дарыясындагы ири порт. Калкы 1,1 млн (1990). Темир жол тоому. Химиялык (боёочу каражаттар, кальций карбиди, азот жер семирткичи, целлюлоза ж. б.), кагаз, жыгаччылык, машина куруу, курулуш өнөр жайлары, темир эритүү өндүрүшү иштейт. ЖЭС жана ГЭС бар. 1673-ж. негизделген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4