Гирокомпаc - (gyro-compass) – объектинин курсун, ошондой эле болжолдуу багыттын азимутун аныктап, меридиандын чыныгы (географиялык) багытын көрсөткүч (компас). Гирокомпастын магниттик компаска караганда артыкчылыгы, географиялык (магниттик уюлду эмес) түндүк уюлду көрсөтөт. Анын көрсөтүүсүнө магниттик компаска караганда металл масса (темир, болот) жана электр магниттик талаалар аз таасир эткендиктен, тактыгы бир кыйла жогору келет. Анын иштөө принциби гироскоптун касиетине жана Жердин суткалык айлануусуна негизделген. Бул идея франциялык окумуштуу Л. Фуко тарабынан 1852-ж. сунуш кылынган. Гирокомпас биринчи жолу 1908-ж. Герман Аншутц-Кемифе (Германия) жана Сперри (АКШ) тарабынан бир убакта ойлонулуп табылган. Ал кемелерде колдонулат жана бардык самолёттордун стандарттык жабдууларына кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү