Гиротаxомeтр (гиро... жана тахометр) – объектинин бурчтук ылдамдыгын аныктоо үчүн колдонулуучу гироскоптуу түзүлүш. Эки баскычтуу статикалык гироскопту пайдаланууга негизделген гиротаxомeтр кеңири таралган. Гиротаxомeтр менен бурчтук ылдамдыктын секундасына градустун ондон бир үлүшүнө чейинки өзгөрүүлөрүн өлчөөгө болот. Гиротаxомeтр негизинен учуучу аппаратта бурулууну көрсөткүч, автомат системасынын сезгич элементи катары жана кемедеги термелүүнү басаңдаткычта колдонулат. Мындан тышкары гиротахоакселерометр деп аталган прибор да пайдаланылат. Бул прибор менен бир эле убакта объектинин бурчтук ылдамдыгы жана бурчтук ылдамдануусу аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү